Бүгүн, 1-ноябрда, Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда кыргыз милициясынын 101 жылдыгы белгиленди. Иш-чаранын алдында Мамлекет башчысы заманбап талаптарга ылайык жабдылган атайын техникаларды көрдү. Жалпысынан 101 бирдик техника даярдалган, алардын ар бири кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн аймактарга жөнөтүлөт. Президент өз сөзүндө акыркы беш жылда […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жаңыланган имараты менен таанышты. Мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жайгашкан имарат толугу менен реконструкцияланып, заманбап талаптарга ылайык жабдылган. Бул жерде ыкчам бөлүмдөрдүн, тергөө кызматтарынын, нөөмөт бөлүгүнүн жана участкалык инспекторлордун натыйжалуу иштеши үчүн ыңгайлуу жана функционалдык шарттар түзүлгөн. Санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл […]Читать далее
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында биринчи жолу бөйрөк трансплантациясында иммунологиялык тестирлөө методикасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Иммунологиялык изилдөө донор менен реципиенттин HLA (Human Leukocyte Antigens) системасы боюнча гисто шайкештигин аныктоого, белгилүү донордун клеткаларына реакция кылуучу антителолорду аныктоо үчүн “crossmatch” тестин жүргүзүүгө, ошондой эле бейтаптын сезимталдык деңгээлин чагылдырган PRA көрсөткүчүн […]Читать далее
Президент: Коомчулук милициядан ар дайым жогорку жоопкерчиликти, адилеттүүлүктү жана чынчылдыкты
Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Ички иштер министрлигинин өздүк курамын Кыргыз милициясынын 101 жылдыгы менен Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өткөн салтанаттуу иш-чарада куттуктады. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу генералдар, офицерлер жана сержанттар! Урматтуу аскер кызматчылары жана салтанаттуу иш-чаранын ардактуу меймандары! Биз бүгүн өлкөбүздүн коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, […]Читать далее
Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхардды кабыл алды. ТИМден билдиришкендей, Жээнбек Кулубаев Моника Ленхардды жаңы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, тараптардын биргелешкен күч-аракеттери аркылуу кыргыз-герман кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады. Маектин жүрүшүндө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий сапарлардын жыйынтыктары боюнча […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. Мамлекет башчысы студенттердин алдында сөз сүйлөп, Президенттик стипендия – бул жөн эле бир материалдык колдоо эмес, окуу жайлардын илимий жана коомдук турмушуна өзгөчө салым кошкон, билимге, илимге, чыгармачылыкка, коомдун жашоосуна болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланган студенттердин талыкпаган эмгегинин, ташкындаган талантынын […]Читать далее
Бишкектин борборунда шаардын негизги инфраструктуралык долбоорлорунун бири — Old Bishkek жер астындагы комплексинин курулушу уланууда. Октябрь айынын акырына карата жалпы курулуш иштеринин болжол менен 80 пайызы бүткөрүлгөн. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуштун жүрүшү менен жеке таанышуу максатында курулуш иштери менен таанышты. Аны Нариман Түлеев тосуп алып, курулуштун учурдагы этабы, жетишилген натыйжалар жана алдыдагы […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Швейцария Конфедерациясынын Улуттук кеңешинин Биринчи вице-спикери Пьер-Андре Пеж менен жолукту. Эдил Байсалов Швейцария Кыргызстандын көп жылдык жана ишенимдүү өнөктөшү, туруктуу өнүгүүнүн жана туруктуулуктун үлгүсү экенин белгиледи. Тараптар кыргыз-швейцария кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты. Делегацияларды мындан ары алмашуу жана […]Читать далее
Бүгүн Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылында 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аталган турак үй Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан толук реконструкциядан өткөн. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык […]Читать далее
Жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында “Достук-автожол” көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагында тиешелүү лицензиялары жок валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн чарба субъекттеринин ишмердүүлүгү токтотулду. УКМКдан такташкандай, көзөмөл өткөрүү пунктуна жанаша жайгашкан аймакта чет өлкөлүк валюта алмаштыруу кызматын көрсөткөн 116 пункт аныкталды, алардын 84үнүн тиешелүү лицензиясы жок. Буга чейин УКМК Улуттук банктын Оштогу кеңсесинин катышуусунда атайын иш-чараларды уюштуруп, анын жүрүшүндө […]Читать далее