Galleries

Президент

Президент Садыр Жапаров Египетке расмий сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча Египетке расмий сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Каир шаарынын “Каир” эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Египет Араб Республикасынын жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министри Мохамед Айман Ашур жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропортто Кыргызстандын жана Египет […]Читать далее

Туризм

Бишкекке келген саякатчылар үчүн атайын колдонмо ишке кирет

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Бишкек шаарынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө Департаменти жана Кыргызстандын усталар ассоциациясы менен маанилүү меморандумдарга кол койду. Фонддон билдиришкендей, бул документтердин максаты — өлкө борборунун жана аймактардын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, ошондой эле ички жана иш-чаралык туризм тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө болуп саналат. Келишимдерге ылайык, тараптар бир нече негизги багыттар […]Читать далее

Коом

Аскердеги коррупция жана мыйзам бузууларга карата күрөш күчөйт

Куралдуу күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана башка аскер кызматына тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жыйында Куралдуу күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган органдардын 2025-жылдын өткөн мезгилине карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары угулуп, аныкталган мыйзам бузуулар талкууланды. Ошондой эле президенттин жарлыгы менен бекитилген «2025–2030-жылдарга […]Читать далее

Коом

Энергетиктер Кыргызстандын электромобилдерге өтүүсүнө шарт түзүүдө

“Чакан ГЭС” ААК электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орнотуу иштерин улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана электр транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү саясатынын алкагында “Чакан ГЭС” ААК өз каражаттарынын эсебинен өлкө боюнча кубаттоочу станцияларды кура баштады. Бүгүнкү күнгө карата 6 кубаттоочу станция орнотулду: Бишкек шаарында (ГЭС-3) – 2 станция (80 кВт); Кемин районундагы Бишкек-Торугарт […]Читать далее

Экономика

Президенттин Иш башкармалыгынын 9 айдагы кирешеси 10,3 млрд сомду түздү

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу ведомстволук уюмдар планды 111,3 пайыз деңгээлинде аткарып, иш жүзүндөгү кирешелер 10 млрд 357,2 млн сомду түздү. Бул тууралуу күн мурун башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы астында өткөн коллегиялык жыйында айтылды. Ведомствонун маалыматына ылайык, коллегиянын жүрүшүндө Иш башкармалыктын ведомстволук уюмдарынын 2025-жылдын 9 айына карата планы 9 млрд 304,5 млн сом деп белгиленип, […]Читать далее

Шайлоо

ЕККУ Кыргызстандагы шайлоого 330 байкоочу жөнөтүүнү пландаштырууда

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын кыска мөөнөттүү байкоо миссиясынын атайын координатору жана жетекчиси Клод Хааген менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана эл аралык байкоочулар менен кызматташтык маселелери талкууланды. Тынчтык Шайназаров белгилегендей, шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу үчүн чакыруулар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. […]Читать далее

Аймак

Ош шаарында 96 батирдин ачкычы тапшырылды

Бүгүн Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында курулган көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, батир ээлерине ачкычтарды тапшырды. Жеңишбек Токторбаев батир ээлерин куттуктап, мэриянын шаар тургундарын турак жай менен камсыздоо багытындагы иш-аракеттери мындан ары да күчөтүлөрүн белгиледи. Тогуз кабаттуу, 96 батирлүү […]Читать далее

Коом

Кыргызстандын жаңы паспортторунун бет ачары өттү

Бүгүндөн тарта Кыргызстанда 2025-жылкы үлгүдөгү жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт. Документтин сырткы көрүнүшү жана коопсуздук деңгээли толугу менен жаңыланган, улуттук символиканы чагылдырат жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эл аралык талаптарына жооп берет. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Учкун” ААКтын инфраструктурасы толугу менен модернизацияланган. Ишкананын техникалык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, заманбап жабдуулар […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов: Биз Палестина элине жардам берүүгө милдеттүүбүз

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Катардын Доха шаарында өткөн социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммиттин алкагында өткөн Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. «Дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар ачкачылыктан, жакырчылыктан жана жокчулуктан жапа чегүүдө – бул биздин жалпы адамгерчилигибизди жана чечкиндүү жамааттык аракеттерибизди талап […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстан менен Кытайдын агроөнөр жай жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин Төрагасынын орун басары Хо Вэйпин баштаган делегация менен жолукту. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы агроөнөр жай тармагындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Анда жашылча-жемиштердин жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн […]Читать далее