Угуусу бузулган бейтаптарга кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Улуттук госпиталдын базасында Катардан келген адистер менен биргеликте кохлеардык имплант коюу операциялары ийгиликтүү өттү. Операциялар толугу менен акысыз негизде жасалды. Муну менен өлкөнүн ар кайсы региондорунан келген жети чоң адам угуу жөндөмүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Операцияларды өткөрүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Мисир Араб Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Каир шаарында Мисир Парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Ханафи Али Жебали менен жолугушту. Жолугушуунун башында спикер Мисир парламентинин бир жарым кылымдан ашык тарыхы жөнүндө айтып берди. Тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана башка маселелерди талкуулашты. Мисир Парламентинин Өкүлдөр палатасынын […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кыргызкөмүр” ААКка көмүр ташууну күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал ишкананын “Балыкчы” филиалына барган учурда айтты. Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр базадагы көмүрдүн көлөмү, ЖЭБге убагында жеткирүү иштери менен жеринде таанышты. Ибраев “Балыкчы” филиалына калкка кесек көмүрдү арзан баада сатуу үчүн уюштурулган отун базаларына үзгүлтүксүз көмүр жеткирүүнү камсыздоону тапшырды. Ошондой эле күз-кыш мезгилинде […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Египет Араб Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен Каир шаарында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-мисир кызматташтыгынын негизги багыттары, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, экономикалык өз ара аракеттенүү, инвестициялар жана эки жактуу кызыкчылыкты туудурган башка маселелер талкууланды. Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу мамилелердин оң динамикасына ыраазычылык […]Читать далее
Бүгүн Кара-Көл шаарында 32 батирлүү көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Турак үйдүн курулушу алгач 1985-жылы башталып, бирок каржылоо жана долбоордук иштердин үзгүлтүккө учураганынан улам, көп жылдар бою толук бүткөрүлбөй келген. […]Читать далее
Бүгүн, 4-ноябрда Каир шаарындагы «Аль-Иттихадия» президенттик сарайында президент Садыр Жапаровдун Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи өттү. Президент Садыр Жапаровду Египеттин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси тосуп алды. Саламдашуудан кийин Ардактуу кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин коштоосунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди. Андан соң салтанаттын […]Читать далее
4-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, “Чакан ГЭС” ААКтын башкы директору Шакир Саидов курулуш тууралуу кеңири маалымат берип, жумуштар бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканын билдирди. Тактап айтканда, ГЭСтин жалпы курулуш иштери 75 пайызга аяктады. Мындан тышкары, ал учурда суу алуучу дарбаза бетондолуп […]Читать далее
Дохадагы саммитте Кыргызстан адам капиталын өнүктүрүү саясатынын артыкчылыгын ырастады
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында Доха шаарында өтүп жаткан II Бүткүл дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин пленардык дебаттарында сөз сүйлөдү. Өз кайрылуусунда Эдил Байсалов Кыргызстандын Доха саясий декларациясына берилгендигин ырастап, социалдык саясаттын үч түркүгүн – жакырчылыкты жоюу, татыктуу эмгек жана социалдык инклюзивдүүлүк – улуттук өнүгүү стратегиясынын негизи экенин баса […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында өтүп жаткан II Бүткүл дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин ачылыш аземине катышты. Кыргыз делегациясынын курамында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев дагы ,бар. Саммитке мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун жана эксперттик […]Читать далее
Ош шаарында 350 миң сом пара алган жактоочу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Тактап айтканда, А.Г. аттуу жаран С.Н.С. аттуу жактоочуга карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен атайын кызматка кайрылган. Анда С.Н.С. жактоочу катары кесиптик милдеттерин аткарып жатып “Алдамчылык” беренеси боюнча бир катар кылмыштарды жасоого айыпталган арыз ээсине юридикалык жардам көрсөтүү аркылуу анын ишенимине ээ […]Читать далее