Tunduk системасы аркылуу дээрлик 68 миң бала 1-класска катталды

Кыргызстанда мектептерге биринчи жана экинчи класстарга кабыл алуу башталды.
Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте Tunduk системасына жаңы кызмат киргизди. Эми Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу балдарды мектепке электрондук каттоого болот.
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республика боюнча 67 миң 843 бала мектепке катталган. Дагы 219 миң 667 бош орун бар.
Белгилей кетсек, бул кызмат арыз берүү процессин бир топ жеңилдетет. Тагыраагы, ата-энелер баласын мектепке бир нече мүнөттүн ичинде түз эле смартфонунан каттай алышат.
Министрлик бул маалыматтар ачык экенин, ар бир ата-эне сайтка кирип, статистиканы көрө аларын белгиледи.
Баланы мектепке кантип каттоо керек?
Каттоо процесси төмөнкү эки этапта ишке ашат:
1-этап – 2025-жылдын 2-июнуна чейин.
Бул этапта каттоо ата-энелердин катталган дареги боюнча мектепте жүргүзүлөт. Колдонуу үчүн, төмөнкүлөр керек:
– Tunduk тиркемесин ачып, тизмеден баланы тандаңыз;
– Система сунуштаган мектепти тандаңыз;
– Окутуунун тилин көрсөтүңүз;
– Байланыш маалыматын киргизиңиз (телефон номери, электрондук почта);
– “Мектепке катталуу” баскычын басыңыз.
Маанилүү! Эгерде сунуш кылынган мектептер ылайыксыз болсо, баш тартып, себебин айта аласыз. Бул учурда, өтүнмө экинчи этапка өтөт.
2-этап – 2025-жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин.
Ата-энелер дагы бош орундар бар мектепти тандай алышат. Бул үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
– Катталуу үчүн баланы тандаңыз;
– Аймакты, районду же шаарды көрсөтүңүз;-
– Жеткиликтүү тизмеден мектепти тандаңыз;
– Окутуу тилин тандап, “Мектепке катталуу” баскычын басыңыз.
Ошондой эле мектепке кабыл алуу боюнча бардык суроолор боюнча Билим берүү жана илим министрлигине 110 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот.