Тоң районунун Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курулуп жатат
![Тоң районунун Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курулуп жатат](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/300051637_4928580170576244_9110052016849487917_n-850x560.jpg)
Тоң районунун Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери толугу менен фондусунан каржыланууда.
“Имараттын курулушунун жалпы тендерлик баасы 43 млн сомду түзөт. 2020-жылы башталган, учурда экинчи кабатынын пайдубалы көтөрүлүп калды. Бала бакча бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен фонддун техникалык адистеринин тыкыр көзөмөлүндө салынууда. Балдар үчүн бардык заманбап шарттар түзүлмөкчү. Буга чейин Ак-Өлөндө балдар бакчасы болбогондуктан жаңы имараттын курулушу менен бул көйгөй чечилмекчи”, – деп айтылат маалыматта.