ТИМ бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялады

 ТИМ бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялады

КР Тышкы иштер министрлиги КРнын дипломатиялык кызматындагы бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт:

  1. Эл аралык-укуктук департаментинин Көп тараптуу келишимдер бөлүмүнүн атташеси;
  2. Экономикалык дипломатия департаментинин Экспортту жана туризмди илгерилетүү бөлүмүнүн атташеси (2 бирдик);
  3. Экономикалык дипломатия департаментинин Инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн атташеси;
  4. Консулдук департаменттин Экспертиза, документтештирүү жана визалык иш бөлүмүнүн Докменттештирүү секторунун атташеси;
  5. Кадрдык саясат бөлүмүнүн атташеси;
  6. КР ТИМинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси (2 бирдик) – (иштеген жери Баткен жана Жалал-Абад ш.);
  7. Валюта-финансы департаментинин Кирешелерди эсепке алуу секторунун башкы адиси;
  8. Валюта-финансы департаментинин Чет өлкөдөгү мекемелер секторунун башкы адиси;
  9. Валюта-финансы департаментинин Талдоо жана пландаштыруу секторунун башкы адиси;
  10. Валюта-финансы департаментинин Талдоо жана пландаштыруу секторунун жетектөөчү адиси.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  1. арыз (бош кызмат ордун так көрсөтүү менен) эки нускада;
  2. сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
  3. өмүр баян (соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  4. резюме;
  5. 3х4 сүрөтү (2 д.);
  6. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
  7. зарыл болгон кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык түрдө же иштеген жери боюнча кадрлар башкармалыгынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификацияны жогорулатуу, илимий даражаны ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөсү);
  8. сунуштама каттар (бар болсо).

Документтердин көчүрмөсү нотариалдык түрдө же иштеген жери боюнча кадрлар башкармалыгынан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Документтердин түп нускасы сынакка арыз тапшырууда көрсөтүлөт.

Сынакка катышуу үчүн документтер көктөмөгө тиркелип, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кадрдык саясат бөлүмүнө берилиши зарыл. Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57.

Документтер 2023-жылдын 25 мартынан тартып 06 апрелин камтуу менен иш күндөрү саат 10.00дөн 17.00гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды (0312) 62 50 87, 62 66 57 телефондору аркылуу, КР ТИМдин www.mfa.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекетиик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайтттарынан тактаса болот.

Связанный пост