Ала-Арчада изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды

 Ала-Арчада изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды

Бүгүн, 9-ноябрда саат 16:00 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Электро чокусунун аймагынан 2011-жылы туулган жарандын сөөгүн табышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, сөөк таштардын арасынан табылган. Божомолдорго ылайык, өлүмгө баланын катуу үшүгөнү себеп болгон.

Эске салсак, 2011-жылы туулган өспүрүм 7-ноябрда эртең менен үйүнөн чыгып баратып, агасына “Ала-Арча” жаратылыш паркына чуркаганы баратканын айткан. 2GIS тиркемесинин геолокация маалыматына ылайык, анын акыркы жайгашкан жери “Электро” чокусунун аймагында катталган.

Связанный пост