Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода Кыргызстанга келди

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Кыргыз Республикасына келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзоданы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Кохир Расулзода үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Связанный пост