Ташкентте Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жыйыны өттү
27-октябрда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр – Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев катышты.
Жыйындын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун темир жол администрацияларынын ортосунда жигердүү кызматташууну түзүү маселелери каралды.
Өз кезегинде «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору А.Сакиев темир жол тармагында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын жетекчилеринин жолугушууларынын демилгелерин ишке ашыруу боюнча туруктуу жумушчу топ түзүү жана бир катар башка макулдашууларга жетишилди.