Ташиев Матраимовдор жөнүндө: Алардын иши жакында сотко өтөт

 Ташиев Матраимовдор жөнүндө: Алардын иши жакында сотко өтөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бир тууган Матраимовдорго каршы козголгон кылмыш иши кайсы стадияда экенин айтып берди.

 

Анын айтымына караганда, Райымбек Матраимовдун үч бир тууганы Ошто. Алардын бирине карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, калган экөөнө “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

 

“Райымбек Матраимов болсо УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Иликтөө жүргүзүлүүдө, жакында биз алардын ишин сотко жөнөтөбүз. Алардын иши оор эмес, алар мамлекеттен уурдашкан”, – деди Ташиев.

 

Ал суроого жооп берип жатып, дагы бир бир тууганы Искендер Матраимов кылмыш ишинин фигуранты эместигин айтып, бирок ал боюнча да маалымат бар экендигин кыйытты.

 

Андан тышкары, Камчыбек Ташиев Матраимов өлкө жетекчилигине кол салууну уюштурууга аракеттенген трансулуттук УКТ мүчөлөрү менен байланышы бардыгын моюнга албагандыгын кошумчалады. Тиешелүү иликтөө иштери уланууда.

Связанный пост