Быйыл 12 чоң стадион калыбына келтирилип, экөө жаңы курулат — Ташиев

 Быйыл 12 чоң стадион калыбына келтирилип, экөө жаңы курулат — Ташиев

Президенттин тапшырмасына ылайык өлкөдөгү чоң стадиондордун бардыгы калыбына келтирилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз футбол биримдигинин башчысы Камчыбек Ташиев Бишкектеги 45 миң орундуу стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышып жатып билдирди.

 

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир дагы талапка жооп бере турган стадион жок.

 

“Кыргызстандагы 12 чоң стадион калыбына келтирилет жана 2 чоң стадион курулат. Иштер 2024-жылдын күз айларына чейин аткарылышы керек. Бул маселе Кыргыз футбол биримдигине жүктөлгөн”, – деп Ташиев.

Связанный пост