Ташиев Бишкектеги 45 миң орундуу стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты

 Ташиев Бишкектеги 45 миң орундуу стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган футболдук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

 

Камчыбек Ташиев белгилегендей, бул стадиондун курулушу Кыргызстандын президенти тарабынан демилгеленген.

 

«Аянтта активдүү курулуш иштери башталды. Стадион 45 миң орунга ылайыкталган жана эл аралык футбол федерациясы ФИФАнын стандарттарына ылайык курулууда. Долбоорго Түркиядан, Англиядан архитекторлор, адистер тартылып, куруучулардын 90% Кыргызстандан. 500ден ашык курулушчу учун шаарча курулду. Президенттин тапшырмасы боюнча бул стадион 2 жылдын ичинде курулуп бүтүшү керек. Алдын ала эсептөөлөргө таянсак, биз 45 000 орундуу заманбап стадионду курууга болжол менен 60 миллион доллар же андан аз каражат керектелет деп күтүп жатабыз. Кошумчалай кетсек, президенттин тапшырмасы менен өлкөдөгү 12 стадиондо калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. 2 жаңы стадион курулат. Өлкөбүздө тиешелүү талапка жооп берген бир дагы стадион, футбол аянтчасы жок. Ушундай жол менен спорт күйөрмандарына ыңгайлуу шарттар түзүлөт”,-дейт Камчыбек Ташиев.

 

Минкаб башчысынын орун басары өлкөнүн бюджети бир катар булактардын эсебинен толтурулуп жатканын, алардын бири экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөш экенин кошумчалады.

 

«Өлкөдө экономикалык кылмыштуулукка, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча активдүү иш жүргүзүлүүдө. Бул иштерден чогулган каражаттын ичинен бүгүнкү күндө стадиондун курулушуна 21 миллион доллар бөлүнгөн. Экономикалык кылмыштуулукка, уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөштүн алкагында акыркы үч жылда өлкө казынасына 40 миллиард сомго жакын накталай акча, жалпысынан 100 миллиард сомго жакын же 1 миллиард доллардан ашык каражат түшкөн”, – деди. Камчыбек Ташиев.

 

Белгилей кетсек, стадиондун аянты 85 миң чарчы метр, унаа токтотуучу жай жана техникалык аянт – 60 миң ч.м, коммерциялык аянт – 35 миң ч.м. түзөт. Стадиондо күйөрмандар үчүн аянтчалар, машыгуу аянтчалары, соода борборлору жана спорт дүкөндөрү, кафе-ресторандар, гибрид менен жабдылган футбол аянтчасы болот.

Связанный пост