Саламаттык сактоо уюмдарына 20 санарип рентген-флюорографиялык аппараттар алынып келинди

 Саламаттык сактоо уюмдарына 20 санарип рентген-флюорографиялык аппараттар алынып келинди

Бүгүн, 2024-жылдын 5-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №4 үй-бүлөлүк медицина борборуна жана №5 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалына барып, калкка көрсөтүлгөн диагностикалык кызмат көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты, ошондой эле министрге жаңы санариптик рентген-флюорографиялык аппараттардын иштеши көрсөтүлдү.

 

Министр жаңы санариптик аппараттардын келиши менен медицина кызматкерлеринин иши жеңилдеп, бейтаптар үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи. «Көптөгөн саламаттык сактоо уюмдарында аналогдук флюоро-аппараттары үчүн пленкалар менен көйгөйлөр болуп келген. Бул көйгөйдү чечүү үчүн “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу түз өндүрүүчүлөрдөн 20 аппарат сатылып алынды. Сатып алууга бөлүнгөн 200 миллион сомдун 71 миллион сомун үнөмдөй алдык, ал саламаттыкты сактоо уюмдарынын башка муктаждыктарына жумшалат. Азыр Бишкектеги ар бир үй-бүлөлүк медициналык борборунда флюорографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө шарттар бар”,-деди КРнын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

«Бүгүнкү күндө №5 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында флюорография кабинети заманбап жабдыктар менен камсыз болду. Бул биздин бейтаптар үчүн да, биздин кызматкерлер үчүн да жакшы жаңылык. Биз эскилиги жеткен аппараттар менен иштечүбүз. Алар 2 күн иштесе, 3 күн иштебей, бейтаптарыбызга ыңгайсыздык жаратып келген. Жакынкы арада КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна флюорографиялык аппараттар алынып, орнотулат, бул жарандардын убактысын үнөмдөөгө жана медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт», – деди Памир Муратов,№5 үй-бүлөлүк медицина борборунун директору.

 

Санариптик рентген-флюорографиялык аппараттар Бишкектеги №3, 4, 5, 7, 8, 9 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна орнотулган, ал эми Чүй облусунун Москва райондук ЖДПБ, Ош шаардык ҮМБ, Ак-Талаа райондук ЖДПБ, Нарын облустук ҮМБ жана Баткен облусунун Кадамжай райондук ЖДПБ, Бишкек шаарындагы № 2, 6 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна аппараттар жеткирүү жана орнотуу стадиясында.

Связанный пост