Тармактык комитет минкаб төрагасынын орун басарлыгына Маматкановдун талапкерлигин жактырды
Жогорку Кеңештин тармактык комитети бүгүнкү жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Улан Маматкановдун талапкерлигин жактырды.
Маалымдалгандай, Улан Маматкановдун талапкерлиги президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталып, Жогорку Кеңештин макулдугун алуу үчүн киргизилген.
Комитеттин жыйынында талапкердин өмүр баяны, иш тажрыйбасы боюнча маалымат берилди.
Маматканов Улан Эркинович Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында туулган. Учурда 43 жашта.