Тармактык комитет Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды

 Тармактык комитет Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 3-октябрдагы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнанын талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун сунушу каралды.

Талапкерди Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Д.Кендирбаеванын эмгектик ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду.

Өз кезегинде Д.Кендирбаева депутаттарды өзүнүн платформасы менен тааныштырып, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген артыкчылыктуу багыттарды улантууга болгон күч-аракетин жумшай турганын белгиледи. Анын ичинен, мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн кеминде 50%ын функциялык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жеткирүү – башкы максат экенин айтты.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү Д.Кендирбаеванын алдында мезгил талабына жооп берген билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча маанилүү милдеттер турганын айтышты. Жана ал ар бир адам үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү болууга тийиш экенин кошумчалашты. Депутаттар мектептердеги китептердин жетишсиздиги көйгөйүнө өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Алсак, эл өкүлү Айбек Осмонов ырааттуулуктун жоктугу, министрлердин бат-бат алмашып турушу бүтүндөй билим берүү тармагына зыян келтирип жатканын айтты. Ал ошондой эле Д.Кендирбаеваны мектеп инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана билим берүү стандарттарынын мазмунуна көңүл бурууга чакырды.

Ал эми эл өкүлү Медербек Алиев узак мөөнөттүү билим берүү программаларын иштеп чыгуу, билим берүүнүн заманбап ыкмаларын колдонуу, ошондой эле тармактагы коррупцияны жоюу маселелерин ортого салды. Муну менен катар, ал балдарга билим гана эмес, татыктуу тарбия да берилиши керек деген пикирин билдирди.

Депутат Аида Исатбек кызы өлкөдөгү педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги көйгөйү тууралуу сөз кылып, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу максатында мугалимдерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча сунуштарын берди.

Мындан тышкары, депутат Ырысбек Атажанов жооптуу мамлекеттик органдарды мектептерди өз убагында жана толук кандуу каржылоого чакырды. Депутат Мирлан Самыйкожо кайсы тармак болбосун аны өнүктүрүүнүн концептуалдык стратегиялык планы болушу керек деген оюн билдирди. Депутат Айгүл Айдарова чек ара аймактарынан мугалимдердин агылып кетишине көңүл буруп, бул категориядагы мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө чакырды.

Депутат Камила Талиева жакында «Илим жөнүндө» мыйзам күчүнө киргенин эске салып, анда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн анын илимий жана илимий-техникалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана өнүктүрүү, тармактык уюмдардын өнүгүшү жана иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча маанилүү милдеттер камтылганын айтып, Д.Кендирбаеваны аталган мыйзамды ишке ашыруу үчүн болгон күч-аракетин жумшоого чакырды. «Адамзат цивилизациясынын жана биздин күнүмдүк турмушубуздун өнүгүшү илимдин катышуусусуз мүмкүн эмес. Ошондуктан илимди өнүктүрүүгө артыкчылык берилиши керек», – деди Камила Талиева.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.

Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Связанный пост