Таласта жер титирөөдөн жабыркаган турак жайлар такталып жатат

 Таласта жер титирөөдөн жабыркаган турак жайлар такталып жатат

Таласта жер титирөөдөн жабыркаган турак жайлар такталып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Анда Талас райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын саат 12:00гө карата алдын ала берген маалыматы боюнча, Талас районунун Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында жалпы 17 турак жайдын дубалдарынан майда жарака кеткен. Аларды ичинен 11 үй камсыздандырылса, 6 турак жай камсыздандырылган эмес.

Алдын ала маалымат боюнча авариялык абалдагы турак жайлар жок. Учурда турак жайларды тактоо боюнча жумуш уланууда.

Эске сала кетсек, Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 04:42де Казакстандын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылынан түндүккө карай 20 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк-батышка карай 133 чакырым аралыкта жайгашып, Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген.

Связанный пост