Таласта борбордук көчөлөр убактылуу жабылат

 Таласта борбордук көчөлөр убактылуу жабылат

Талас шаарында 11-сентябрда өтө турган ири маданий иш-чарага байланыштуу борбордук аянтка кирүүчү бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор 11-сентябрда иш-чара өткөрүлүп жаткан убакытта жабылат.

Убактылуу чектөө төмөнкү көчөлөргө киргизилет:

  • Чыңгыз Айтматов көчөсү — Алымкулов көчөсүнөн Мадиев көчөсүнө чейин;
  • Бердике Баатыр көчөсү — Ч. Сатаев көчөсүнөн Мадиев көчөсүнө чейин;
  • А. Оторбаев көчөсү — Ч. Сатаев көчөсүнөн Мырзалиев көчөсүнө чейин;
  • А. Огомбаев көчөсү — Шамбетов көчөсүнөн Ч. Сатаев көчөсүнө чейин;
  • Ч. Сатаев көчөсү — А. Огомбаев көчөсүнөн Бердике Баатыр көчөсүнө чейин;
  • Ж. Мырзалиев көчөсү — А. Оторбаев көчөсүнөн Ч. Айтматов көчөсүнө чейин;
  • Мадиев көчөсү — А. Оторбаев көчөсүнөн Ч. Айтматов көчөсүнө чейин.

ЖКККББ жарандардан жана айдоочулардан жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөрдү эске алып, алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандоону жана жолдо кызмат өтөгөн кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарууну сурайт.

Связанный пост