Таласта аскер кызматчыларына жаңы батирлер тапшырылды
Талас шаарында “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабаттуу турак жайдан аскер кызматчыларына батирлердин ачкычтары тапшырылды.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Талайбек Шаршеев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.
Белгиленгендей, буга чейин да Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жайлардан Каракол шаарында жана Кара-Суу районунда кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары батир менен камсыз болгон.