Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Шайлоого байланышкан жаңы мыйзам долбоорунда чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укугу толук эске алынган

 Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Шайлоого байланышкан жаңы мыйзам долбоорунда чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укугу толук эске алынган

Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу шайлоого байланышкан жаңы мыйзам долбоорунда чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укугу толук эске алынганын баса белгиледи.

Москва, Санкт-Петербург, Чикаго өңдүү кыргызстандыктар көп жүргөн башка өлкөлөрдүн шаарларында сөзсүз шайлоо участкалары ачыларын белгилеген Төрага: “Ал участкаларда бардык шайлоо округдарынын жана аттанган талапкерлердин тизмеси болот. Мекендештерибиз шайлоо тилкесине келип, паспорту аркылуу кайсы округда катталса ошол округ боюнча каалаган талапкерине добуш бере алат. Мисалы, Тоңдо каттоодо турса, Чикагодо туруп эле ошол округдагы талапкерди тандайт”, – деди.

Муну менен катар мурдагы шайлоолордо чет жердеги мекендештердин добуш берүүгө катышуусу өтө төмөн болуп келгенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Буга шайлоо участкасындагы каттоосу жоктугу негизги себеп болчу. Натыйжада 30 миңден ашуун шайлоочунун ичинен ашып кетсе бир жарым, эки миңдей гана шайлоочу добуш берчү. Эми ошону жөнөкөйлөштүрүп жатабыз”, – деди.

Связанный пост