Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Министрлер кабинетинин төрагасын ыкчам иштөөгө чакырды

Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Министрлер кабинетинин төрагасын ыкчам иштөөгө чакырды.
Тагыраагы, жыйын маалында депутат Жанарбек Акаев 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоого багытталган мыйзам долбоорунун аткарылышы кечеңдеп жатканын айтып, Министрлер кабинетине тиешелүү комиссияны түзүү ишин тездетүү талабын койгон.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Төрага Нурланбек Тургунбек уулу да Министрлер кабинетинин төрагасынын иштөө ыкмасы жай экенин белгилеп: “Азыр ыкчам иштей турган учур. Жайбаракат иштей турган заман өткөн. Андыктан айтылган маселени тез арада чечип, парламенттин кароосуна алып келсин”, – деди.