Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Кербен шаары жакынкы аралыкта өнүккөн калаага айланат

 Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Кербен шаары жакынкы аралыкта өнүккөн калаага айланат

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кербен шаарындагы иш сапарынын алкагында Ала-Бука район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Аксы райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

Алсак, азыркы учурда колдонулуп жаткан имарат эскилиги жетип, тиешелүү мекеме тарабынан оңдоп-түзөөгө мүмкүн эмес экендиги тастыкталган. Натыйжада 540 чарчы метрди түзгөн жаңы имараттын долбоору иштелип чыгып, бүгүн пайдубалы түптөлдү.

Салтанатта оорукананын кызматкерлери жана жергиликтүү эл менен жолугушкан Төрага Кербен шаарын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу учкай кеп кылды.

“Шаарыбыз жакында өнүккөн калаага айланат. Себеби, Кербенди өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан ири каражаттар бөлүнүп, көптөгөн долбоорлор ишке ашырылууда. Алсак, быйыл узак жылдардан бери бүткөрүлбөй келе жаткан Ак-Терек каналынын курулушу аягына чыгат. 7 чакырымды түзгөн каналдын ишке киргизилиши аймак үчүн өтө маанилүү”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Муну менен катар быйыл мамлекет тарабынан бөлүнгөн 300 млн сомдун эсебинен бир катар долбоорлор пландалганын айткан Төрага анын ичинен Кашка-Суу айылына туристтер үчүн атайын заманбап үйлөр куруларын, шаардын ичинде жарыктандырылган, бардык шарты менен көчөлөр салынарын кошумчалады.

Ошондой эле бүгүн түптөлүп жаткан медициналык мекеме аймак үчүн өтө зарыл болуп келгенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу: “Улуттун саламаттыгы жарандардын ден соолугуна көрүлгөн камкордукка көз каранды. Андыктан, санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жаңы имаратын убагында бүткөрүп, пайдаланууга беришибиз кажет”, – деди.

Связанный пост