Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Эне тилибиздин келечеги – элибиздин келечеги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Кылымдарды карыткан кыргыз тилибиз эгемен элибиздин улуу мурасы, мамлекеттүүлүгүбүздүн жана улуттук иденттүүлүгүбүздүн эң башкы эн белгиси. Бул тилде эне сүтүбүз менен чогуу кан-жаныбызга сиңген бешик ырлары ырдалган. Даңкы далайга кеткен, дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосубуз жаралып, акын-жазуучуларыбыздын ааламды суктандырган чыгармалары жазылган. Андыктан кыргыз тили ата-бабаларыбыздан бизге мурас катары калган көөнөрбөс байлык.
Кыргыз тилине мамлекеттик деген макамдын ыйгарылганына быйыл 36 жылдын жүзү болду. Тилекке каршы, тилдин макамы кагаз жүзүндө гана бекемделбесе, иш жүзүндө абал такыр башка болуп келгени барыбызга маалым. Бул жылдар аралыгында эне тилибиз коомдук турмушта кеңири колдонулбай өксүдү. Мыйзам кабыл алынганына карабай кыргыз тили мамлекеттик тил катары бекем ордун ээлей албай келди. Башка улуттагы жарандарыбызды мындай коёлу, кыргыз улутундагы атуулдарыбыздын өз тилинде эркин сүйлөп, жаза албаган калың катмары жаралды. Тилибизди жээрип баяндамасын өзгө тилде жасаган аткаминерлердин жоон тобу пайда болду. Ошондон улам мамлекеттик тилибиздин макамын көтөрүү максатында VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары конституциялык мыйзамга бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетиштик. Мындан ары ар бирибиз эгемен элибиздин эң негизги тилине өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик деген макамына ылайык иш алып баруубуз кажет. Анткени кыргыз тили барыбызды бириктирген, ар тараптуу өнүгүүгө түрткү болгон күч. Менден “Эмне үчүн кыргыз тилине эле күйүп-бышып жүрөсүң? Тилди кенен жайылтуу үчүн эмне кылуу керек? Силер кабыл алган тил боюнча мыйзамдар иштеп кетишине көзүң жетеби?” – деп көп сурашат. Бул соболдорго, албетте, жооп берүү оңой эмес. Тагдырдын буйругу менен мамлекетке кызмат кылуу озуйпасы жүктөлгөндөн кийин аны ак ниет аткаруу милдетим деп эсептейм. Тилге көрсөткөн камкордугум бул – улутка, мекенге болгон кызматым. Эне тилибизди аздектеп сактоо жана аны жалпы улуттук орток тил катары жайылтуу эл өкүлү жана кыргыз жараны катары башкы парздарымдын бири. Ал эми мыйзамдын аткарылышын тийиштүү тармакка эле жүктөп койбостон жапа тырмак көзөмөлгө алуу учур талабы болуп турат. Ааламдашуу доорунда дүйнөдө жоголуп кетүү коркунучуна кептелген тилдер жүздөп саналат. Тилекке каршы, кыргыз тили да ошолордун катарына кирип калбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Анткени айрым адистердин пикиринде, ушу тапта кыргыз тилинде өз оюн эркин билдирип, көркөм сүйлөгөн жаш муундардын катары суюлууда. Анан калса, технологиянын өнүгүшү менен тилибиз болуп көрбөгөндөй запкы жеп жатканын да моюнга алуубуз зарыл. Заманбап технологиялар ар бир балага жеткиликтүү болуп турган заманда кыргыз тилиндеги контенттердин интернетте абдан аз болуп жатканы өкүндүрбөй койбойт. Буга мамлекеттик тиешелүү органдар кыска мөөнөт ичинде көңүл буруп, тийиштүү аракеттерди көрүшү абзел!
Кадырлуу калайык-журт!
Эне тилибиздин келечеги – элибиздин келечеги. Эне тилибиздин эртеңи – мамлекетибиздин эртеңи. Ошондуктан кыргыз тилинде сүйлөө жана аны улуттук тил катары жайылтууну ар бир кыргызстандык өз милдети катары көрүшү керек. Албетте,мамлекеттик тил саясаты мамлекеттик саясаттын эң маанилүү ажырагыс бөлүгү. Бирок кандай гана чечимдер болбосун, аны коомдун колдоосу жок ишке ашыруу кыйын. Тилди кеңири жайылтуунун тизгини, жаштар, силердин дагы колуңарда экенин унутпагыла! Анткени эне тилибиз барда эгемен өлкөбүз кылымдарга жашай берет.
Кымбаттуу мекендештер!
Сиздерди дагы бир жолу мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө биримдик, Ала-Тообузга тынчтык каалайм. Кылым карыткан кыргыз тилибиз бар болсун! Мамлекеттик тилибиздин мартабасы көтөрүлө берсин!