Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жумуштар активдүү уланат
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районундагы иш сапарынын алкагында 2 миңге жакын калкы бар Кой-Таш айылын негизги жолго байланыштырган көпүрөнүн абалынан кабар алды.
1960-жылы салынган Кара-Суу дарыясындагы бул көпүрө 1978-жылы жаңыланып жасалган. Бирок 2021-жылы селден улам авариялык абалга кептелген.
Айыл эли менен болгон жолугушууда аталган көпүрөнү жаңылап куруу боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилгенин айткан Төрага: “Учурда долбоору даярдалып жатат. Бардык документтик жана каржылык маселелери чечилгенден кийин курулуш иштери башталып, ушул жылдын аягына чейин бүткөрөбүз”, – деди.
Ошондой эле Жаңы-Жол – Кой-Таш унаа жолунунун 3 чакырымына быйыл асфальт төшөлөрүн билдирген Нурланбек Тургунбек уулу: “Андан тышкары, былтыр Президентибиздин фондунан 95 млн сом бөлүнүп, Кара-Жыгач – Сары-Челек жолунун 6 чакырымы жаңыланган. Быйыл дагы республикалык бюджеттин эсебинен 9 чакырымы жасалганы жатат. Ошону менен бирге Кербен – Кара-Жыгач төрт тилкелүү жолу да толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жалпысынан Аксы районунда 38 чакырым жол жасалып, пайдаланууга берилет. Аталган жолдор жергиликтүү элдин каттамын жакшыртып, келген туристтер үчүн да ыңгайлуулук жаратат деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.
Мындан тышкары, өлкөдөгү туруктуулуктун жана туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын негизинде мамлекет өнүгүү жолуна түшкөнүн баса белгилеген Төрага жасалып жаткан жумуштар тууралуу да кеңири кеп кылды.
“Акыркы жылдары Аксы жергесинде эле бир топ долбоорлор ишке ашырылып, жаңы мектептер, бала бакчалар, медициналык жайлар ачылууда. Ошондой эле жол, суу өңдүү инфраструктуралык жана ирригациялык маселер чечилип, Кербен шаарында да алгылыктуу жумуштар жасалууда. Бул албетте чек эмес. Алдыда дагы көптөгөн пландар бар. Аймактарды өнүктүрүүгө арналган жумуштар дагы уланат”, – деген Нурланбек Тургунбек уулу ишке ашырыла турган долбоорлорду тизмектеди.
Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, айыл тургундары тарабынан көптөгөн социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү.
Айтылган ар бир маселе боюнча Төрага коштоп жүргөн тийиштүү жетекчилерге тапшырма берип, тез арада чечилерин билдирди.
Эскерте кетсек, Төраганы Министрлер кабинетинин өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик башчылары коштоп жүрөт.