Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Ахунбаева, Масалиева, Токтогула деп айтканды токтотуш керек

 Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Ахунбаева, Масалиева, Токтогула деп айтканды токтотуш керек

Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу көчөлөрдүн аталышын туура айтуу маселесин көтөрдү.

Тагыраагы, борбор калаабыздагы көчөлөргө белгилүү инсандардын ысымы ыйгарылганын мисал кылган Төрага: “Бирок Ахунбаев көчөсүн көпчүлүгүбүз Ахунбаева, Токтогул көчөсүн Токтогула, Абдумомунов көчөсүн Абдумомунова, Токомбаев көчөсүн Токомбаева, Токтоналиев көчөсүн Токтоналиева, Масалиев көчөсүн Масалиева деп атайбыз. Бул туура эмес. Ар бир көчөнүн аталышын мамлекеттик тилде атап, Ахунбаев, Токтогул, Масалиев деп эле айтышыбыз керек”, – деди.

Ошондой эле Нурланбек Тургунбек уулу Министрлер кабинетине, айрыкча Бишкек шаарынын мэриясына көчөлөрдүн аталышын кыргызча жазуу тапшырмасын берип: “Ахунбаева, Масалиева деп жазганды токтотушубуз зарыл”,– деп кошумчалады.

Связанный пост