Төрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын кезектеги жыйынына катышты
Бүгүн, 18-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын борбор калаасы Минск шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.
Жыйында сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев ушул жылдын январь айында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылуу милдети Беларусь Республикасына өткөнүн эске салып, Кыргызстан алдыдагы иш-пландарды ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөрүн кошумчалады.
Муну менен катар өткөн жылы уюмдун алкагындагы Парламенттик ассамблеянын түзүлгөндүгүнө 15 жыл толгонун белгилеп, жамааттык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы алакаларды мындан ары да өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасы ЖККУнун потенциалын чыңдоого өзгөчө маани берерин айткан Нурланбек Шакиев: “Заманбап чакырыктар жана коркунучтар мамлекеттер аралык саясий-экономикалык алакаларга терс таасирин тийгизери анык. Андыктан, аларды чечүү үчүн компромисстик ыкмаларды издөө, ошондой эле көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себептерин жоюу боюнча кызматташтыкты бекемдөө учур талабы. Биз кандай гана чыр-чатактар болбосун тынчтык жолу жана дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салууну жактайбыз”, – деди.
Ошондой эле жыйында Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер талкууланып, тиешелүү моделдик мыйзамдардын долбоору боюнча сунуш-пикирлер айтылды.