Дүйнөлүк эпостордун эл аралык жетинчи фестивалынын алкагында «Мыкты дастанчы» сынагы өтүүдө

Бүгүн, 18-майда Ош шаарында дастанчылыкты аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу, улуу өнөрдү өнүктүрүү, мыктыларын кеңири коомчулукка таанытуу жана аларга чыгармачылык жактан дем берүү максатында Дүйнө элдеринин эпосторунун VII фестивалынын алкагында дастан айтуучулардын сынагы өтүп жатат.
Сынака 15 жаштан 35 жашка чейинки дастан айтуучулар катышууда.
Сынактын башкы уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат , спорт жана жаштар саясаты министрлиги болуп саналат.
“Мыкты дастанчы сынагынын жеңүүчүлөрү эртең, 19-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтында сыйланышат.
Дастанчылар үчүн тандап алган чыгарманын нукуралуугу, аткаруучулук чеберчилиги, уккулуктуулугу, тилинин тактыгы, айтуу манерасы, аткарган үзүндүнүн поэтикалык көркөмдүк деңгээли, эпостогу (баатырдык, достук, жомоктук ж.б.) мотивдерди нугун бузбай жайгаштырып айтуу чебердиги, аткарган үзүндүнү негизги мазмунунан жазбай толук, ийине жеткизе окуяны кырааты менен идеясын бузбай баяндаганы жана сахна маданияты, улуттук кийими каралмакчы.

Связанный пост