Төрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Минск шаарына барды

 Төрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Минск шаарына барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Беларусь Республикасынын борбор калаасы Минск шаарына барды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

Иш сапардын алкагында Төрага ЖККУ ПАнын Кеңешинин жыйынына катышып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата уюштурулган эскерүү иш-чараларына да күбө болот.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы Парламенттик ассамблея 2006-жылы 16-ноябрда түзүлгөн. Ага Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Армения Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын парламенттери мүчөлүк кылат.

 

Связанный пост