Төрага Нурланбек Шакиев 9-май – Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

 Төрага Нурланбек Шакиев 9-май – Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.

“Кадырлуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлери!

Ардактуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 9-май – Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Улуу Жеңиш майрамы мекенчилдиктин жана каармандыктын үлгүсү катары тарых бетинде түбөлүккө кала берет. Жалпысынын майданга 360 миңдей мекендешибиз аттанган. 1418 күнгө созулган согушта кыргызстандык жоокерлердин 130 миңден ашыгы курман болгон. 150 миңдей жоокер орден, медалдар менен сыйланып, 21 адам Даңк орденинин толук ээси, 74 жоокер Советтер Союзунун баатыры атанган. Алардын катарында Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Талгат Бегелдинов, Калыйнур Үсөнбеков, Даир Асанов, Акун Садырбаев, Исмаилбек Таранчиев, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Григорий Шемякин, Иван Москаленко өңдүү баатырларыбыз бар.

Албетте, согуш майдан талаасында гана болгон эмес. Орукта да оор турмуш өкүм сүрүп, карылар, кыз-келиндер жана жаш балдар күнү-түнү эмгек кылышкан. Андан тышкары, согуш маалында Кыргызстанга көптөгөн өнөр-жай ишканалары көчүрүлүп келген. Аларга дароо жергиликтүү эл жумушка алынып, кыска убакыт аралыгында фронт үчүн керектүү продукциялар өндүрүлүп баштаган.

Ошондой эле биздин меймандос калкыбыз согуш маалында Кыргызстанга баш калкалап келген 300 миңдей адамды батырып, өгөйлөбөй өз боорлоруна тартып, айрыкча жаш балдарды камкордугуна алышкан. Мына ушундай каарман элибиздин ынтымагы, биримдиги Улуу Жеңишке жеткирген.

Бирок Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлеринин катары жыл өткөн сайын азайып бара жаткандыгы баарыбызды өкүндүрөт. Анткени менен биздин жаркын жашообуз үчүн өмүрүн арнап, кан майдандын каарын тарткан аталарыбызды, энелерибизди эч качан унутпайбыз.

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлери!

Сиздердин согуш маалындагы жасаган эрдигиңер ченемсиз, эмгегиңер эбегейсиз! Андыктан, тынчтыктын жарчысы, жаӊы турмуштун баштоочусу катары арабызда аман болуӊуздар! Ар бириңиздерге кажыбас кайрат, дөөлөттүү карылык каалайм!

Улуу Жеӊиш майрамы кут болсун! Жергебизде тынчтыктын ыры жаӊырып, мамлекетибизде жеӊиштин деми өчпөсүн!”

Связанный пост