Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды

Бүгүн, 9-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды.

Минкаб башчысы ардагерди Жеңиш күнү менен куттуктап, анын көрсөткөн эрдигине, кайраттуулугуна жана баатырлыгына ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан ардагерге Президенттин фондунан бөлүнгөн 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Акылбек Жапаров ардагер Аспек Жумашевге чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Аспек Жумашев 1924-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кызыл-Берлик айылында туулган. 1942-жылы армияга чакырылган. Ардагер II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Связанный пост