Төрага Марлен Маматалиев Түркмөнстандын элчиси Нуры Голлиевди кабыл алды
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түркмөнстандын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Нуры Голлиевди кабыл алды.
Жолугушууда тараптар кыргыз-түркмөн кызматташтыгына тиешелүү маселелерди талкуулап, парламенттер аралык байланыштардын учурдагы абалы боюнча пикир алмашты.
Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан боордош Түркмөнстан менен бардык багыттарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, өлкө башчыларынын аракети менен соңку жылдары мамлекеттер аралык алакалар жигердүү өнүгүп келе жатканына токтолду.
Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө да артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеген Төрага аталган жаатта да алгылыктуу аракеттер жасалып жатканын кошумчалады. Буга мисал катары жакында эле Санкт-Петербург шаарында Түркмөнстандын Межлисинин Төрайымы Дуньягозель Гулманова менен жолугушуп, эки тараптуу алакаларга тиешелүү маселелер боюнча ой бөлүшкөнүн билдирди.
Мындан тышкары, соода-экономикалык өнөктөштүктү өрчүтүү жаатындагы сунуштарын айткан Марлен Маматалиев: “Бизде соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жаатындагы мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Андыктан, биргелешкен экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, соода байланыштарыбызды жаңы деңгээлге чыгарышыбыз керек”, – деди.
Жолугушууда тараптар маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу боюнча да пикир алмашып, Төрага быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна түркмөн элин жана спортчуларын чакыра кетти.
Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Нуры Голлиев жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрагага ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттер аралык байланыштарды, анын ичинен парламенттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштерге токтолду.
Ошону менен катар элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жаткан иштери тууралуу сөз кылып, кыргыз-түркмөн байланышын арттыруу жаатында алгылыктуу аракеттер көрүлүп жатканын мисал кылды.
Андан тышкары, тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу зарылчылыгын да белгилешип, аталган багыттагы сунуштарын ортого салышты.