Сахароводогу убактылуу кармоо борборунан онго жакын кыргызстандык өлкөгө келет

 Сахароводогу убактылуу кармоо борборунан онго жакын кыргызстандык өлкөгө келет

Россиянын Москва шаарындагы “Сахарово” чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда учурда Кыргызстандын 233 жараны кармалууда. Алардын 48и аялдар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу аталган борборго барып, анын жетекчилиги жана сот аткаруучулар кызматынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда борбордо кармалып турган кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, ошондой эле аларды Кыргызстанга тезирээк кайтаруу маселелери талкууланды.

Консул мекендештер менен да жолугуп, алардын ден соолугунун абалы жана кармоо шарттары менен таанышты. Жарандарга консулдук-укуктук кеңештер берилип, суроолоруна жооп кайтарылды. Кармоо шарттарына байланыштуу кыргызстандыктардан арыз-даттануулар түшкөн эмес.

Маалым болгондой, жакынкы күндөрү борбордо кармалып турган 10го жакын кыргызстандык мекенине жөнөтүлөт.

Жалпысынан 2026-жылдын январь айынан бери Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Сахарово борбору аркылуу 3 миң 598 кыргызстандык өлкөдөн административдик жол менен чыгарылган.

Связанный пост