Төрага Марлен Маматалиев Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барды
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барды.
Алгач Төрага Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын Гежиге айылындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында курулуп жаткан суу түтүктөрүнүн абалы менен таанышты. Тиешелүү адистер долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат берип, аткарылып жаткан курулуш иштерин көрсөтүштү.
Марлен Маматалиев таза суу маселеси калктын жашоо сапатын жакшыртууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, долбоорду өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү талабын койду.
Андан соң Төрага Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын Кичи-Каракол айылындагы №6 «Кичи-Каракол» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна караштуу стоматологиялык кабинеттин ачылыш аземине катышты.
Жаңы тиш дарылоо бөлмөсү заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, жергиликтүү тургундарга сапаттуу стоматологиялык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган.
Иш сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Гүлчө шаарындагы маданият үйүндө жергиликтүү тургундар менен да жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тургундар таза суу, сугат суу маселелерин көтөрүп, саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика, жол өңдүү социалдык-экономикалык багыттагы суроолорун жана сунуштарын айтышты.
Төрага көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте караларын белгилеп, аймактарды өнүктүрүү жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Кошумчалай кетсек, Төраганы депутаттар Таалайбек Сарыбашов, Улан Примов, Нуржамал Торобекова, Бекмурза Эргешов жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрдү.