Төрага Марлен Маматалиев Чүй облусунун Сокулук районундагы бир катар объектилердин абалы менен таанышып, шайлоочулар менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Чүй облусунун Сокулук районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Шопоков шаарындагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.

Эскерте кетсек, Төраганы депутаттар Бакыт Чомоев, Гүлжан Сатиева жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү менен жергиликтүү жетекчилер коштоп барды.

Алгач Төрага Шопоков шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын учурдагы абалын көрүп чыгып, объекттин ишмердүүлүгү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана жаңылоо муктаждыктары боюнча маалымат алды.

Алсак, саркынды сууларды ташуучу насостук станция 1961-жылы, ал эми тазалоочу курулмалар комплекси 1984-жылы ишке киргизилген. Учурда анын эксплуатациялык мөөнөтү толугу менен аяктап, хлорлоочу бөлүмү таптакыр иштебей калган. Мындан сырткары, комплекстин башка көптөгөн негизги технологиялык бөлүктөрү эскирген. Натыйжада шаарга олуттуу экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык коркунуч келтирүүдө. Андыктан Төрага түзүлгөн жагдайды эске алуу менен тиешелүү жетекчилерге сметалык эсепти даярдоону жана жаңылоо иштерин 2027-жылга чейин аяктоону тапшырды.

Андан соң Төрага Шопоков шаарында жайгашкан Сокулук райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын имараты менен таанышып, жарандарга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жана мекеменин материалдык-техникалык абалын жеринде көрдү.

Алсак, аталган мекеме өздөрүнө таандык имараты жок болгондуктан, бүгүнкү күнгө чейин ижарага алынган жайда иш алып барып келет. Ага байланыштуу Төрага тиешелүү жетекчилерди мекемени заманбап имарат менен камсыздоо маселесин тез арада колго алууга чакырды.

Ошондой эле жаңы имарат куруу үчүн жер тилкеси бар экенин оң жагдай катары белгилеп, биринчи кезекте долбоордук-сметалык документтерди даярдоо зарылдыгын айтты. Төрага бул маселени иштеп чыгууну, андан соң каржылоо булагын чечүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Мындан тышкары, 2027-жылдын аягына чейин Социалдык коргоо башкармалыгы үчүн жаңы имаратты куруу милдетин койду.

Ошондой эле Шопоков шаарынын борбордук стадионунан да кабар алган Төрага 1993-жылы курулган спорттук жайды жаңылоо зарыл экенине күбө болду. Тагыраагы, стадион толугу менен эскирип, капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Андыктан Марлен Маматалиев коштоп жүргөн тиешелүү жетекчилерге керектүү каражатты камсыздоо жана жаңылоо иштерин тездетүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, бул маселени чечүү максатында Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары, Кыргыз футбол союзунун вице-президенти Жылдыз Таалайбек кызына тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырмасын берип, ал өз кезегинде Кыргыз футбол союзу аркылуу аталган спорттук комплексти жаңылоого керектүү каржылоо маселесин чечүү боюнча чараларды көрөрүн белгиледи.

Иш сапардын соңунда Марлен Маматалиев депутаттар жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирге Шопоков шаарындагы Маданият үйүндө Сокулук районунун жана Шопоков шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда иш сапарынын максаты жана айрым объекттер боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу учкай кеп кылып, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынарын кошумчалады.

Ошону менен катар жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан ички жолдордун абалы, газификация, таза суу менен камсыз кылуу, электр энергиясынын кубаттуулугу, билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги, жаңы конуштардагы инфраструктуралык көйгөйлөр, коомдук транспорт жана жумуш орундарын түзүү маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле документтери жок жана талаш жараткан жер тилкелерине байланыштуу маселелер боюнча да кайрылуулар айтылды.

Төрага Жогорку Кеңеш жарандардын кызыкчылыктарын коргоого жана эл тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алууну улантарын белгилеп, жолугушуунун негизги максаты жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн угуу жана аларды чечүү жолдорун биргеликте талкуулоо экенин эскертти.

Жолугушууга катышкан депутаттар жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү тургундардын суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү беришти.

Связанный пост