Төрага Марлен Маматалиев Албаниянын Президенти Байрам Бегай менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай менен жолугушту.

Парламент имаратында өткөн жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Марлен Маматалиев Президент Байрам Бегайдын Кыргызстандагы алгачкы расмий сапары эки тараптуу байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга чоң түрткү берип жатканын белгилеп: «Биз ачык жана көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзүп, чет өлкөлөр менен өз  ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө умтулуп келебиз. Андыктан, бул жолугушуубуз мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоонун жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн башталышы болот деген үмүттөмүн», – деди.

Ошону менен катар мыйзам чыгаруу органдары ортосундагы байланыштарды тармактык комитеттердин, депутаттык достук топторунун алкагында да улантуу зарыл экенин айткан Төрага Жогорку Кеңеште Албания менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу бар экенин маалымдады.

«Биз мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу менен катар мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоого да өз салымыбызды кошо алабыз. Анткени, парламенттик дипломатия алакаларды арттыруунун башкы куралы», – деди Марлен Маматалиев.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштары ортодогу потенциалды толук камтыбай жатканын айткан Төрага аталган багытта биргелешип иш алып барууга жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө чакырды. Тагыраагы Кыргызстанда гидроэнергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм тармактарында мүмкүнчүлүктөр чоң экенин мисал кылды.

Ошондой эле эки өлкө билим берүү, маданият, туризм жана спорт тармактарында да тыгыз иш алып барса болорун айткан Марлен Маматалиев жарандар ортосундагы алаканы өнүктүрүү үчүн эки тараптуу аба каттамын ачуу сунушун берди.

«Кыргызстан менен Албаниянын ортосунда түз аба каттамдарынын ачылышы ишкердик жаатта, туризм жана маданият тармактарында байланышты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга чоң өбөлгө түзөт», – деди Төрага.

Өз кезегинде Президент Байрам Бегай жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Марлен Маматалиевге ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы расмий сапары жемиштүү болуп жатканын баса белгиледи.

Тагыраагы, көптөгөн макулдашууларга жана келишимдерге кол коюлганын айткан Байрам Бегай аларды ишке ашырууда парламенттердин колдоосу керек экендигине токтолду.

Андан тышкары, Европа биримдигине кирүүгө умтулуп жаткан өлкөсүндөгү мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз кылган Президент Албания мамлекети туризм жана энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү жаатында чоң тажрыйбага ээ экенин, аталган багыттарда Кыргызстан менен кызматташууга болорун кошумчалады.

Ошону менен катар түз аба каттамын ачуу багытында айтылган сунуш маанилүү экенин белгилеп, бул жарандар ортосундагы байланышты чыңдоого чоң түрткү берерин билдирди. Муну менен бирге ишкердик чөйрөнүн алакасын арттыруу аркылуу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу демилгесин көтөрүп, студенттерди алмашуу программалары да артыкчылыкка ээ экенин мисал кылды.

Жолугушуудан соң Төрага Марлен Маматалиев Президент Байрам Бегайга Жогорку Кеңештин жыйындар залын көрсөтүп, кыргыз парламентинин ишмердүүлүгү боюнча айтып берди.

Андан соң парламент жетекчиси ардактуу конокту Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына алып барып, жолугушуу маданий программа менен жыйынтыкталды.

Связанный пост