Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин жыйыны сентябрьда Кыргызстанда өтөт
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.
Тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи.
Тараптар Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин кезектеги жыйынын ушул жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасында өткөрүү тууралуу макулдашып, анын мазмундук бөлүгүн даярдоо иштерин баштоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Райнхольд Крэммель бир катар маселелерди көтөрүп, анын ичинде Кыргыз Республикасында кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү зарылдыгына көңүл бурду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана кыргыз-герман экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.