Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмушка Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жыйындар өтчү залды көрсөтүп чыкты.

Тагыраагы, кыргыз парламентинин тарыхы жана депутаттардын жасап жаткан иштери тууралуу учкай кеп кылган Нурланбек Тургунбек уулу кесиптешине Жогорку Кеңештин түзүмү боюнча кыскача айтып берди.

Ошону менен бирге парламенттик дипломатия бардык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешкен Төрагалар бүгүн кол коюлган меморандумдун алкагында мындан ары да тыгыз иш алып баруу боюнча макулдашты.

Эскерте кетсек, Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанда алгачкы расмий сапары менен жүрөт.

Связанный пост