Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды

Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Анда ал 1916-жылдагы «Үркүн» окуясынын жана сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар коюп, маркумдарды эскерди. Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюп, ата-бабаларга куран багыштоо ырасымына катышты.

Эскерүү иш-чарасына Төрага Нуман Куртулмушту Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Түркия менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси Алишер Козуев коштоп барды.

Белгилей кетсек, 29-апрелге чейин улана турган расмий сапарынын алкагында Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошону менен катар жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган документке кол коюлары күтүлүүдө.

Связанный пост