Түп айылында оорукана пайдаланууга берилди

 Түп айылында оорукана пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында 60 орундуу оорукана комплексинин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

 

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, оорукана замандын талабына ылайык курулуп, заманбап аппараттар менен камсыздалды. Объекттин курулушуна 88 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

 

Оорукана комплексинин 1338 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратында, төрөт зал, жандандыруу бөлмөсү, операция залы, процедуралык бөлмөсү жана 2,3,4 орундуу палаталары каралган.

 

Белгилей кетсек, комплекстин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Связанный пост