Төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын Башкы акыйкатчысы Шереф Малкочту кабыл алды

 Төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын Башкы акыйкатчысы Шереф Малкочту кабыл алды

Жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алакалардын учурдагы абалына токтолуп: “Биз тарыхый байланышы терең, тили, дини, үрп-адат, каада-салты окшош тектеш элбиз. Андыктан, биз бир туугандык жана боордоштук мамилелерди өнүктүрүп, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтишибиз зарыл”, – деди.

Муну менен катар Нурланбек Шакиев адам укугун коргоо жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жаатында эки өлкөнүн акыйкатчылары тыгыз иш алып барышы керектигин белгилеп: “Түркиянын Башкы акыйкатчысы катары Кыргызстанга жасаган иш сапарыңыз, байланыштардын жаңы барагын ачат деген ишеничтемин”,– деп кошумчалады.

Өз кезегинде Түркиянын Башкы акыйкатчысы Шереф Малкоч жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуштун жолдогон саламын жеткирди.

“Өзүңүз да белгилегендей, бизди көп нерселер байланыштырып турат. Айрыкча боордоштукка негизделген алакалар жылдан-жылга өнүгүүдө. Алсак, Түркиянын мектептеринде кыргыздын улуу “Манас” дастаны тууралуу сабактар өтүлүп, ал тургай айрым окуучулар дастанды жатка айткан учурлар бар. Бул руханий байланышты бардык тармактарда улантып, акыйкатчы катары биз да өз салымыбызды кошуубуз кажет”,– деген Шереф Малкоч бүгүн эки өлкөнүн акыйкатчылары кызматташтыкты кеңейтүүгө тиешелүү меморандумга кол коерун маалымдады.

Эскерте кетсек, жолугушууга КР Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Связанный пост