Сууга таштанды толтурган ишканага айып салынды
Социалдык тармактарда Аламүдүн районунун Ленин айылындагы Аламүдүн суусу таштандыга жана желим бөтөлкөлөргө толуп калганы тартылган видео боюнча текшерүү жүрдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана тезникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анын жыйынтыгында Достук айыл өкмөтүнө караштуу “Ынтымак-Достук” муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин ыкчам чаралары менен сууну таштандыдан толук тазалашты.
Ошондой эле министрликтин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга айлана-чөйрөнү таза сактоо жана таштандыларды белгиленген жайларга гана таштоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү беришти.