Ошто “Тазалыктын” абоненттери 425 миңге жетет

 Ошто “Тазалыктын” абоненттери 425 миңге жетет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Жылдызбек Көчкөновду кабыл алып, шаардын тазалыгын жана абоненттик базаны кеңейтүү маселесин талкуулады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда расмий катталган 387 миң абоненттин санын сентябрдын аягына чейин 425 миңге жеткирүү тапшырылды. Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандардын саны кайрадан такталат.

Ошондой эле таштанды акысын 3 айдан ашык төлөбөгөн жана карызы 5 миң сомдон жогору болгон жарандардан акча сот тартибинде өндүрүлө баштай турганы айтылды. Жыл аягына чейин дебитордук карызды 5 млн сомго чейин кыскартуу пландалууда.

“Тазалык кызматы көрсөтүлсө, анын акысы өз убагында төлөнүшү керек. Бул шаарды таза кармоонун негизги шарты”, – деп баса белгиледи мэр.

Связанный пост