“Социалдык контракт” долбоорунун алкагында эки жылда Чүй облусунда 1,2 миң үй-бүлө чакан бизнес ачты
Эки жылдын ичинде Чүй облусундагы 1217 үй-бүлө чакан бизнес ачты. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруу боюнча окутуунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, бул үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында 100 миң сомдон берилген.
“Бүгүнкү күндө программага катышкан 5,8 миңден ашык үй-бүлө мүчөлөрү жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берген кирешелерди алышат. Алардын ичинен 67% дан ашыгы – балдар, майыптыгы барлар – 4% түзөт”, – деди ал.
Бул окутуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдин демилгеси менен акимдердин орун басарлары, вице-мэрлер жана айыл өкмөттөрү үчүн уюштурулду.
Окутуунун жүрүшүндө аларга 2024-жылы катышуучуларды тандоодо критерийлер жана артыкчылыктар, бизнес-долбоорлорду андан ары ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтар берилди.