Соңку 2 жылда энергетика тармагында 29 кылмыш иши козголуп, 69 млн сом өндүрүлгөн

Комитет Энергетика министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматын укту.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жана министрликтин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматын укту.

Бул багыттагы маалыматтар менен энергетика министри Таалайбек Ибраев тааныштырды. Ал белгилегендей, министрликтин тутумунда коррупцияга каршы күрөшү жана алдын алуу боюнча 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы иш чаралардын планы иштелип чыгып, бекитилген. Ошондой эле министрлик укук коргоо органдарына коррупциялык аракеттерди алдын алуу боюнча көмөк көрсөтүп жатат. 2021-2022-жылдары энергетика тармагындагы кызмат адамдарына 29 кылмыш иши козголуп, 11 кылмыш иши боюнча 69 млн сомдон ашык материалдык чыгым өндүрүлгөн.

Талкууда депутат Алишер Эрбаев министрликтеги коррупцияга каршы чаралар боюнча пландарын сурап, Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгын айтып, бул жагдай электр жарыгына болгон чектөөлөрдү жаратпайбы – деген суроону койду. Депутат Динара Ашимова министрликте жүргүзүлүп жаткан жемкорлукка каршы системалуу чараларды белгилеп, бул багыттагы аракеттерди күчөтүүнү сунуштады. Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков энергетика тармагындагы тышкы карыз тууралуу тактап, аны төлөө жагдайына көңүл бурду. Депутат Эмил Жамгырчиев электр энергиясын бөлүштүрүүчү ортомчу компаниялар тууралуу маселе көтөрүп, аларды жоюу боюнча министрликтин аткарып жаткан иштерин сурады.

Связанный пост