Сироджиддин Мухриддин: Тажикстан менен Кыргызстан чек ара келишимине кол коюуга аз калды

 Сироджиддин Мухриддин: Тажикстан менен Кыргызстан чек ара келишимине кол коюуга аз калды

Тажикстан менен Кыргызстан чек ара келишимине кол коюуга аз калды. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин маалымат жыйында билдиргенин Спутник Тажикстан басылмасы жазып чыкты.

Анын айтымында, чек ара боюнча бардык негизги маселелер макулдашылган, азыр документтерди расмий бекитүү жана айрым техникалык жагдайларды тактоо гана калды.

Чечиле элек маселелердин ичинде Исфара менен Ворухтун ортосунда курулуп жаткан жолдун техникалык деталдары, ошондой эле эки өлкөнүн аймагында жайгашкан бир нече суу сактагычтар жана аларды пайдалануу тартиби бар», – деди Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин.

Министр чек ара келишими менен катар эки өлкө үчүн жолдорду жана суу ресурстарын пайдалануу тартибин аныктай турган өкмөттөр аралык келишимге да кол коюларын жана бул маселелер учурда Тажикстан менен Кыргызстандын жумушчу топторунда каралып жатканын, адистер дээрлик жума сайын чогулуп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 2024-жылдын 4-декабрында Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусунун жыйынтыгында эки өлкөнүн чек арасынын калган тилкелерин макулдашуу боюнча иштер аяктаганы айтылган.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост