Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты
![Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/240575181_1290811571347705_7035553451827691662_n_730x0.730x0.jpg)
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Кыргызгидромет борборунун маалыматына таянсак, 1-4-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Министрлик буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.