Самбо боюнча курама команда Дүйнө чемпионатынан келди

 Самбо боюнча курама команда Дүйнө чемпионатынан келди
18-октябрда Ереван шаарында (Армения) өткөн Дүйнө чемпионатына катышкан Самбо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына келишти.
«Манас» эл аралык аэропортунан спортчуларды Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Райымбек Токомбаев , Самбо боюнча федерациясынын Президенти Азиз Ибраев, спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатында аталган курам жалпы 17 медаль (1 алтын, 6 күмүш, 10 коло) жеңген.

Связанный пост