Садыр Жапаровдун дарегине чет мамлекеттердин башчыларынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоолор келип түшүүдө

 Садыр Жапаровдун дарегине чет мамлекеттердин башчыларынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоолор келип түшүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине чет мамлекет башчыларынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоолору келип түшүүдө.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин өзүнүн куттуктоо телеграммасында Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Сиздин өлкөңүз социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана ички саясий туруктуулукту бекемдөөдө маанилүү ийгиликтерге жетишти, регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүдө конструктивдүү роль ойнойт.

Орус-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделет.  Биздин мамлекеттер ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көптөгөн көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө.

Биргелешкен аракеттер менен биз бардык тармактарда – дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, Евразия мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара пайдалуу орус-кыргыз байланыштарын пландуу түрдө мындан ары да арттырабыз деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми кыргызстандыктарга бакыт-таалай жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана бардык мекендештериңизди Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы бул маанилүү күн биримдиктин жана жаратмандыктын символу катары мамлекеттүүлүктү жана прогрессти мындан ары чыңдоонун көөнөргүс негизи болуп саналат.

Сиздин иш билги жетекчилигиңиз астында Кыргызстан маанилүү саясий реформаларды ийгиликтүү ишке ашырып, туруктуу өнүгүү, жарандардын бакубаттуулугун камсыз кылуу жана өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөө жолуна ишенимдүү кадам таштоо менен социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдү жүргүзүүдө.

Казак-кыргыз кызматташтыгынын жогорку динамикасын чоң канааттануу менен белгилейм, ал биргелешкен аракеттер менен жаңы практикалык мазмунга толуп, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духуна толук өлчөмдө жооп берет”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев боордош Кыргызстандын бакубатчылыгы жана гүлдөп-өсүү максатында Садыр Жапаровго жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Өлкөңүздүн улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө карата Сизди жана боордош кыргыз элин куттуктап, эң жакшы куттуктоолорумду жолдогонума кубанычтамын.

Сиздин иш билги жетекчилигиңиз алдында масштабдуу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында акыркы жылдары Кыргызстан тездик менен өнүгүп, калктын жашоо деңгээли көтөрүлүүдө. Өлкөнүн эл аралык аренадагы аброю дагы жогорулап жатат.

Биздин бекем саясий эркибиздин жана биргелешкен аракетибиздин натыйжасында боордош өлкөлөрдүн ортосундагы түбөлүк достук, ынак коңшулук жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелер туруктуу бекемделип жаткандыгына чексиз кубанычтамын.

Тактап айтканда, Сиздин өткөн айда биздин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарыңыз биздин мамилелерибиздин тарыхына көрүнүктүү бир барак болуп кирди. Сиз менен улантылып жаткан жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилген маанилүү макулдашууларды жана долбоорлорду толук ишке ашыруу биздин мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кылат.

Учурдан пайдаланып, Сизге узун өмүр, чың ден соолук жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө зор ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине – тынчтык, прогресс жана бакубатчылык каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Биздин өлкөлөрдүн ынак коңшулук өз ара мамилелеринин жаратман негиздерин ар тараптан бекемдөө Тажикстандын тышкы саясатынын приоритеттеринде маанилүү орунду ээлейт.

Биз колубуздагы зор потенциалды колдонуу менен мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктары үчүн эки өлкөнүн конструктивдүү өз ара аракеттенүүсүн бекемдейбиз деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине ийгилик, тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Эгемендик жылдары Кыргызстан мамлекеттүүлүктү бекемдөө, социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу жана эл аралык аренада өзүнүн кадыр-баркын жогорулатуу ишинде бир топ ийгиликтерге жетишти.

Азыркы учурда Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосунда ынак коңшулук, достук жана ишеним принциптерине негизделген салттуу боордоштук мамилелер кеңири багыттар боюнча ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгы кубандырат. Биздин биргелешкен аракетибиз менен түркмөн-кыргыз мамлекеттер аралык байланыштары мындан ары да кеңейип, боордош эки элибиздин жыргалчылыгы үчүн бекемделет деп бекем ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Кыргыз Республикасынын элине-тынчтык, мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Беларусь Президенти Александр Лукашенко Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

“Эгемендик жылдарында Минск менен Бишкек жалпы тарыхый мурасты аяр сактап гана тим болбостон, көптөгөн багыттар боюнча байланыштарды кеңейте алышты.

Ишенимге жана өнөктөштүккө негизделген белорус-кыргыз мамилелеринин жогорку деңгээлинин айкын далили болуп биздин мамлекеттердин аймактык уюмдардагы ийгиликтүү кызматташуусу саналат. Буга биз ШКУга киргенибизде дагы бир жолу ынандык, Бишкектин маанилүү колдоосуна ээ болдук.

Беларусь менен Кыргызстандын ортосундагы түзүлгөн достук байланыштар тынымсыз бекемделип, ал эми практикалык өз ара аракеттенүү жаңы долбоорлор менен толукталаарына ишенем”, – деп айтылат куттуктоодо.

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

“Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык бир катар тармактарда, өзгөчө соода, экономика, инвестиция жана транспортто ийгиликтүү өнүгүүдө. Биргелешкен аракеттер менен биз колдо болгон өнөктөштүк потенциалды ишке ашырууга, боордош элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн салттуу достук мамилелерди мындан ары кеңейтүүгө жана натыйжалуу кызматташууга жетишебиз деп ишенем.

Июль айынын башында Шуша шаарына Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышуу үчүн келгениңизди жана биз өткөргөн дискуссияларды жогору баалайм.

Бул майрам күнү Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай, ишиңиздерге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине – туруктуу тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Сизди жана бир тууган кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Тарыхыбыз, тилибиз жана маданий баалуулуктарыбыз ортоктош болгон дос жана боордош Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи тааныган өлкө болгондугубуз менен сыймыктанабыз.

Эки тараптуу, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюму баш болгон көп тараптуу платформалардагы мамилелерибиз, Сиздин баалуу салымыңыз жана аракеттериңиз менен жыл өткөн сайын дагы да кеңейип жатканына абдан кубанычтамын.

Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоодо.

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата Сизге жана достук мамиледеги Кыргызстан элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жана эң жакшы каалоо-тилектеримди билдирем.

Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы ырааттуу ишке ашырылып, ар кыл тармактардагы курулуш тынымсыз жаңы ийгиликтерге жетишүүдө. Жаңы доордо дос коңшу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары Кытай тарап буга чын жүрөктөн кубанат.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Астана шаарында Сиз менен жолугушууну ийгиликтүү өткөрүп, Кытай жана Кыргызстан ортосундагы ар тараптуу кызматташтык боюнча маанилүү жаңы консенсуска жетиштик жана кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы планын белгиледик. Кытай тарап кыргыз тарап менен саясий өз ара ишенимди тереңдетүүгө, бири-бирине бекем колдоо көрсөтүү жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы тагдырлардын коомчулугун – “Бир алкак, бир жол” курулушун туруктуу жана тереңдетүү үчүн биргелешип сапаттуу курууга даяр.

Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүүнү, ал эми элине бакыт – таалай жана бакубатчылык каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

АКШнын Президенти Жозеф Р. Байден Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Америка Кошмо Штаттарынын элинин атынан Сизди жана Кыргыз Республикасынын элин эгемендүүлүгүңүздүн 33 жылдыгы менен куттуктайм.

Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилелер саясий жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты, экономикалык өнөктөштүктү, жарандык коомду жана мыйзамдын үстөмдүгүн колдоону камтыган жалпы артыкчылыктарга таянып, негизделген.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын элинин тынчтыгын камсыз кылуу үчүн чек ара маселелерин чечүү боюнча Сиздин лидерлигиңизди жогору баалайм.

Коопсуздуктун жана бакубаттуулуктун келечегин түзүү жолунда элдерибиздин ортосундагы байланышты жана ошондой эле достукту мындан ары чыңдоону чыдамсыздык менен күтөм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сауд Аравиянын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Сиздин өлкөңүздүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу Сауд Аравия Королдугунун элинин, Өкмөтүнүн жана жеке өзүбүздүн атыбыздан Сизге чын жүрөктөн куттуктоолорбузду жана ден соолук жана бакыт, эң жакшы каалоолорбузду билдиребиз, ал эми бир тууган Кыргызстандын Өкмөтүнө жана элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүү каалайбыз», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле өз куттуктоосун Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд жолдогон.

Египеттин Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Биздин эки өлкөнү бекем достук жана кызматташтык байланыштырып турат. Элдерибиздин жалпы кызыкчылыктарынын жыргалчылыгы үчүн биргелешкен ишибиздин жана жемиштүү координациябыздын аркасында эки дос өлкөнүн ортосундагы динамикалуу өнүгүп келе жаткан мамилелер мындан ары да ырааттуу бекемделет деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Абдель Фаттах Ас-Сиси Президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине мындан аркы бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Бахрейндин Королу Хамад бин Иса Аль-Халиф Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Боордош өлкөңүздүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу жеке өзүмдүн атымдан жана Бахрейн Королдугунун элинин жана Өкмөтүнүн атынан чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана каалоолорубузду айткым келет. Ошондой эле учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, элиңизге мындан аркы гүлдөп-өнүгүү каалайбыз”, – деп айтылат куттуктоодо.

Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара сый-урматка негизделген мамилелер мындан ары да эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн бекемделип жана өнүгө берет деп ишенем жана регион боюнча коңшу өлкөлөр менен жана Ирандын 14-өкмөтүнүн тушунда кызматташтыкты өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатынын приоритети болуп саналат деп ишендирем.

Сизге ден соолук жана ийгиликтерди, Кыргыз Республикасынын элине туруктуу өнүгүүнү жана прогрессти беришин Жараткан Кудайдан тилейм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Мохаммед бен Заид Аль Нахаян Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жана эң жакшы каалоолорду билдирүү мен үчүн чоң сыймык жана ырахат. Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана достук мамиледеги элине прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоодо.

Омандын Султаны Хайсам бен Тарик Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктообузду билдиребиз.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге бакыт-таалай жана чың ден соолук, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине мындан аркы ийгиликтерди жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Япониянын Императору Нарухито Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду айтууга уруксат этиңиз, Сизге бакыт жана өлкө элине гүлдөп-өнүгүүнү чын дилден каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кореянын Президенти Юн Сок Ёль Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Сизди жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Өткөн жылдар аралыгында биздин өлкөлөр достук мамилелерди жана кызматташтыкты курушту. Алардын мындан ары өнүгүшүнө, ошондой эле элдерибиз менен болгон достук мамилелердин чыңдалышына ишеним артам.

Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргыз Республикасына үзгүлтүксүз гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат Кореянын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Сингапурдун Президенти Тарман Шанмугаратнам Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Сингапур элинин атынан Сизге жана Сиздин элиңизге Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоолорду чын дилимден жолдоп, өлкөңүзгө мындан ары тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Германиянын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Менин Сиздин кооз өлкөңүзгө барганым дагы деле элесимде турат. Бул сапарда биздин узак мөөнөттүү, көп кырдуу достук мамилебиз бар экендиги далилденди. Өзгөчө, бүгүнкү күндөгү көп сандаган глобалдык чакырыктардын алдында, анын ичинде климаттык кризиске каршы күрөшүү жана эрежелерге негизделген эл аралык тартипти сактоо алкагында биз мамилелерибизди кеңейтип, бекемдей алабыз, деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Франк-Вальтер Штайнмайер кыргыз элине бейпил келечек, эркиндик жана бакубат жашоо каалады.

Италиянын Президенти Серджо Маттарелла Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

“Биздин өлкөлөр ортосундагы чын ыклас достукка негизделген мамилелер эки тараптуу деңгээлде да, регионалдык келечекте да туруктуу бекемдөөгө татыктуу жемиштүү кызматташтык менен мүнөздөлөт. Италия Борбор Азиянын бүткүл аймагынын гүлдөп-өнүгүшүнө, анын ичинде Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы барган сайын интенсивдүү кызматташууга көмөктөшүү жолу менен өз салымын кошууга ниеттенүүдө”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

“Венгрия үчүн келечекте Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн динамикалуу өнүгүп жаткан кызматташтыкты бекемдөөнү улантуу өзгөчө маанилүү. Эки тараптуу мамилебизди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөргөнүбүз бул үчүн эң сонун негиз болуп саналат. Мен башка тармактарда да өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү үчүн биргелешип иштей алабыз деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Испаниянын Королу Филипп VI Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Кыргыз Республикасынын улуттук майрамына карата Испаниянын өкмөтү жана эли менен бирге Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду билдиргим келет. Сизге бакубатчылык, кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Австриянын Президенти Александер Ван дер Беллен Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Кыргыз Республикасынын улуттук майрамына карата Сизге жылуу куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду айтууга кубанычтамын.

Европа жана Борбор Азия ортосундагы өнөктөштүккө ылайык, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу байланыштарды мындан ары дагы бекемдөөгө болгон чын ыкласымды билдирем. Кыргыз Республикасынын июнь айында Венада эл аралык энергетикалык инвестициялык форумун өткөрүшү жана жакында Брюсселде кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюлушу өз ара ишенимди жана барган сайын тыгыз мамилелерди орнотууну күбөлөндүрөт.

Учурдан пайдаланып, Сизге бакубат жашоо, ошондой эле Кыргызстан элине бактылуу келечек каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Хорватиянын Президенти Зоран Миланович Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Мен Хорватиянын жарандарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо, ошондой эле Сиздин өлкөңүздүн бардык жарандарына гүлдөп-өнүгүү каалоолорун жолдогонума абдан кубанычтамын.

Мен Хорватия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык өз ара кызыкчылык туудурган көптөгөн тармактарда мындан ары да өнүгүп, бекемделе берет деп ишенем. Биздин экономикалык кызматташтыкты чыңдоо өтө маанилүү деп эсептейм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сербиянын Президенти Александар Вучич Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Сербия Республикасынын жарандарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан улуттук майрам – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкөңүздүн жана элиңиздин бакубатчылыгы жана гүлдөп-өсүшү үчүн чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жана каалоолорду билдирүүгө уруксат этиңиз.

Биздин өлкөлөр жана элдер ортосундагы салттуу достук жана жакын мамилелерге таянып, мен Сербия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты ишке ашыруу жана мамилелерди өнүктүрүү боюнча биргелешип иштөөнү улантабыз деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Черногориянын Президенти Яков Милатович Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Черногориянын жарандарынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктоомду, өлкөңүздүн мындан ары өнүгүшүнө жана дос мамиледеги кыргыз элине бакубат жашоо каалайм.

Биргелешкен аракеттер аркылуу биз элдерибиз менен мамлекеттерибиздин ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоого, ошондой эле өз ара өнөктөштүк жана ыраазылык маанайында кызматташууну өркүндөтүүгө жаңы дем беребиз деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Рим Папасы Франциск Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы Сиздин элиңиздин гүлдөп-өсүшүн жана жүрөктөрүнүн биримдигин каалаган тилектеримди жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Жалпы жыргалчылыкты ойлогон, кедейлердин ыйлоосуна аяр мамиле жасаган жарандарыңызды ар дайым тынчтык орнотуучу болууга кудуреттүү Кудайдан дем берүүсүн өтүнөм. Сизге, коомдук иштерге жооптуу адамдарга жана бардык мекендештериңизге Кудайдын батасын берүүгө даярмын”, – деп айтылат Рим папасы Францисктин куттуктоо телеграммасында.

Марокконун Королу Мохаммед VI Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Сизге жана Сиздин элиңизге болгон жылуу куттуктоолорумду жана мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалоолорумду кабыл алыңыз.

Мен биздин өлкөлөр ортосундагы достукка жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерге терең канааттанам. Ошондуктан, мен биздин элдерибиздин тилектерин ишке ашыруу максатында кызматташуубузду бекемдөө жана кеңейтүү үчүн Сиз менен мындан ары да кызматташууну чыдамсыздык менен күтөм”, – деп айтылат Марокконун Королу Мохаммед VI куттуктоо телеграммасында.

Грузиянын Президенти Саломе Зурабишвили Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Грузия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелер регионалдык кызматташтыкты жана элдерибиздин бакубаттуулугун чыңдоого багытталган өз ара урматтоого негизделген.

Бул салтанаттуу күнү биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары тереңдетүү жана чыңдоо үчүн бир катар маанилүү кадамдарды жасайбыз жана кызматташуунун жаңы жемиштүү жолдорун белгилейбиз деген ишенимди билдирем.

Сизге болгон терең урмат-сыйымды ырастайм, өлкөңүзгө ак кызмат кылууда ийгиликтерди каалайм, ал эми дос Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Румыниянын Президенти Клаус Вернер Йоханис Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Сизге жана кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Румыния менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы саясий жана дипломатиялык мамилелер элдерибиздин жалпы жыргалчылыгы үчүн, ошондой эле Европа Бирлигинин Борбордук Азия мамлекеттери менен мамилесин тереңдетүү максатында мындан ары да бир ыргакта өнүгө берерине ишенеримди билдирем.

Ошону менен бирге Румыния регионалдык коопсуздукту камсыз кылуунун фундаменталдык элементи катары Европа Бирлигине мүчө-мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы экономикалык жана тармактык кызматташууну өнүктүрүүнү мындан ары да колдоого ала тургандыгына ишендирем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Палестинанын Президенти Махмуд Аббас Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Палестина мамлекетинин, анын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана боордош Кыргыз Республикасынын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Палестина менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык мамилелер мындан ары да биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү өнүгө берет деп ишенебиз”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Мен Ереван менен Бишкектин конструктивдүү маанайдагы салттуу өнүгүп келе жаткан мамилелери жана элдерибиздин достугу Армения менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүү үчүн бекем негиз катары кызмат кыла берерине ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана жаңы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүүнү жана бардык жакшылыктарды каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Республика басып өткөн мамлекеттик курулуштун узак жолу, экономикадагы, социалдык чөйрөдөгү жана эл аралык аренадагы олуттуу жетишкендиктер анын бардык жарандарын мындан аркы талыкпас чыгармачылыкка жана жаркын ийгиликтерге шыктандырсын. Бул чоң улуттук майрамдын кубанычын Кыргызстандын тургундары менен бөлүшүп, биз чын жүрөктөн бардыгына чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргыз мамлекетине – туруктуу өнүгүү жана бакубатчылык каалайбыз.

Келечекте көп кырдуу орус-кыргыз мамилелеринин алкагында Татарстан менен Кыргызстандын кызматташтыгы кеңейет деп ишенебиз. Бул багыттагы биргелешкен аракеттерибиз Россия менен Кыргызстандын элдеринин стратегиялык кызыкчылыктарына, ошондой эле глобалдык тынчтыкты жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоого кызмат кылат деп ишенебиз”, – деп айтылат куттуктоодо.

Чехиянын Президенти Петр Павел Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Чех Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы салттуу жакшы мамилелер ар дайым достуктун, кызматташтыктын жана өз ара урматтоонун духунда өнүгүп келген жана биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да тереңдеп, гүлдөп-өнүгө берерине ишенем.

Сиздин өлкөңүзгө жана Сизге бардык жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Швейцариянын Президенти Виола Амхерд Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Швейцариянын Федералдык Кеңешинин жана Швейцариянын жарандарынын атынан Сизге жана Сиздин мекендештериңизге Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктаганыма абдан кубанычтамын. Мен ошондой эле бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөңүз жана анын жарандарына ийгиликтүү келечек сыяктуу эң жакшы каалоолорумду айткым келет.

Эл аралык укукту жана Бириккен Улуттар уюмунун уставында белгиленген универсалдуу принциптерди урматтоо дүйнө жүзү боюнча тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү издөөдө биздин эң мыкты компасыбыз бойдон калууда.

Биздин эки өлкө ушундай сонун байланыштарды улантып жатканына кубанычтамын, биз аларды кийинки жылдары өнүктүрүп, тереңдете аларыбызга ишенем”, – деп айтылат куттуктоодо.

Португалиянын Президенти Марселу Ребелу де Соуза Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө карата Сизге чын дилимден бакубатчылык, ошондой эле кыргыз элине прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Индиянын Президенти Драупади Мурму Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

“Индия менен Кыргыз Республикасын терең тарыхый жана цивилизациялык байланыштар бириктирип турат. Бүгүнкү мамилелер айрым тармактарда кызматташтыктын кеңейиши менен мүнөздөлгөнүнө кубанычтамын.

Мен ошондой эле Сизге жеке ден соолук жана бакубатчылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын боордош элине прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалоомду билдирем”,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Непалдын Президенти Рам Чандра Паудел Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата мен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду жолдоп, Сизге чың ден соолук жана бакыт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элине ийгилик жана бакубатчылык каалайм”, – деп айтылат куттуктоодо.

Бельгиянын Королу Филипп Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүн майрамдоого карата Сизди, ошондой эле Сиздин мекендештериңизди куттуктап, бакыт-таалай жана ден соолук каалайм.

Ошондой эле мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, июнь айында Брюсселде болгон жолугушуубуздан кийин кандай гана сонун эскерүүлөр калганын айткым келет”, – деп айтылат куттуктоодо.

Эл аралык уюмдардын башчылары Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Чжан Мин, БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Каха Имнадзе, Түрк Мамлекеттер Уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев ж. б. куттуктоо телеграммаларын жолдошту.

 

Связанный пост