Садыр Жапаров X соцтармагындагы баракчасын жеке өзү колдонот

 Садыр Жапаров X соцтармагындагы баракчасын жеке өзү колдонот

Президент Садыр Жапаров X (Twitter) социалдык тармагындагы баракчасын өзү колдонот, – деп жазды өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейзбуктагы баракчасына.

Анын маалыматына караганда, мамлекет башысынын X тармагындагы аккаунту тууралуу “Фейк эмеспи” деген көптөгөн суроолор түшүүдө.

“Сиздерге маалымат үчүн билдирип коёлу, президент Садыр Жапаров чын эле X (Twitter’де) расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат.

Twitter — коомчулук жана эл аралык коомчулук менен ыкчам, ачык жана түз байланышуу үчүн эң эффективдүү платформалардын бири болуп эсептелет.

Учурдан пайдаланып, урматтуу ЖМК өкүлдөрүн жана соцтармак колдонуучуларын расмий аккаунтка жазылууга чакырам: https://x.com/sadyrzhaparovkg“, – деп жазды ал.

Связанный пост