Садыр Жапаров: Тарыхтан сабак алалы

 Садыр Жапаров: Тарыхтан сабак алалы

Күн мурун президент Садыр Жапаров кыргыз менен казак элинин ортосуна бүлүк салууга аракет кылган видео боюнча билдирүү жасаган. Өлкө башчысы өз билдирүүсүндө мындай чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырып, боордош элдердин бир туугандык мамилесин бекемдөө маанилүү экенин белгилеп, тынчтыкты жана ынтымакты сактоо ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин эске салган. Мындан улам «Кабар» агенттиги мамлекет башчысына кайрылып, мындай билдирүү жасоого эмне түрткү болгондугуна кызыгып көрдү.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич, кечээ соцтармактагы кыргыз-казак элин чагымчылдыкка алдырбоого, эки элди ынтымакка чакырган постуңуз чыкты. Мындай билдирүү жасоого сиз постуңузга тиркеген видео эле себеп болдубу же бул системдүү мүнөздөбү? Эки эл ортосуна от жаккысы келгендер кимдер болушу мүмкүн?

Деги эле тарыхта баатыр, эл башында турган инсандардын өлүмү менен аяктаган учурлар көп эле эмеспи. Ошолорду эл арасында кастыкты козутууга пайдалануу мүмкүнбү?

− Саламатчылык.

Убакыт боло калганда социалдык тармакты, маалымат сайттарына көз жүгүртүп коюу адатым бар. Анан байкасам, болжолу акыркы жарым жылда социалдык тармакта, ютуб платформасында максаттуу түрдө кыргыз-казак ортосуна жик салууга багытталган тымызын аракеттер жүрүп жаткандай.

Бул ишти Кыргызстанда да, Казакстанда да жашап жаткан оппозициялык күчтөр кылып жатса керек деп ойлойм. Эки элди ушинтип кайраштырып ийсек деген арам ойлору болушу мүмкүн. Анан буга чейин деле байкасаңыздар керек, бул тема көтөрүлгөндө соцтармактын колдонуучулары эки жактан тең бир-бирин жамандап, акыйнек айтышып жатып калышат.

Анан кечээки видеодон эки элдин тарыхын чагымчылдык маанайда бурмалап жатканын көргөн соң кайрылуу жасап коюну туура көрдүм.

Сиз айткандай, тарыхыбызды карасак ар кыл себептерден улам баатырлар, белгилүү инсандар өлүмгө дуушар болгон учурлар толтура. Ал турсун казак-кыргыз эле эмес, кыргыз менен кыргыздын ортосунда кыл чайнашкан тирешүүлөр болуп, баатырлар өлгөн окуялар кечээки тарых болуп калбадыбы. Андай окуялар казактарда деле бар.

Кечээ постумда айтам деп эсимден чыгып кеткен бир жагдайды айта кетейин. Азыр суроо берсеңиз эстеп атам. Ошол эле Кенесарыны өлтүргөн Ормон хан, жарыктык киши, Ысык-Көлдү басып алам деп Ысык-Көлгө чабуул жасап барып Балбай баатырдын колунан өлүп атпайбы. Болбосо экөө тең эле кыргыз. Тагай бийдин урпактары.

Айтайын дегеним, ал жоокерчилик заманда кыргыз-казак болуп эле чабышпай, кыргыз менен кыргыз, казак менен казак чабышкан учурлары арбын эле болгон. Эми мунун баары тарых болуп калды. Биз тарыхтан сабак алалы. Кайсыл бир күчтөр карапайым элдерибиздин намысына тийишип жатса, ортобузга жик салгысы келген арам ойлуулардын торуна түшүп калбайлы деп атам.

Азыр дүйнө жүзүндө олку-солкулуктар болуп турган чакта кошуна, бир тууган эл бири-бири менен айтышпай, ынтымактуу бололу. Бири-бирибизди колдойлу, бири-бирибизге жөлөк-таяк бололу деген эле ниетим. Анткени биз – түбөлүктүү кошунабыз, бир боор элбиз!

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

Связанный пост