Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин бейформал жолугушуу өткөрүштү

Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 30-августта Бишкек шаарында расмий эмес шартта жолугушту.

Бейформал кечки тамактануу учурунда эки өлкөнүн лидерлери жылуу маанайда пикир алышып, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыда өтө турган расмий иш-чаралардын негизги темаларын талкуулашты.

Си Цзиньпин Кыргыз Республикасында мамлекеттик сапар менен болууда. Кытай лидери ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууга катышат.

Связанный пост